
2025-жылдын 17-сентябрында Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында 21-Малайзия эл аралык халал азыктарынын «MIHAS 2025» жарманкеси башталды. Бул жарманке халал тармагын илгерилетүү боюнча дүйнөдөгү эң ири аянтча болуп саналат. Жарманке Малазия эл аралык соода-көргөзмө борбору (MITEC) мекемесинде өтүп, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан миңдеген катышуучулар менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурат.
Кыргыз компанияларынын жарманкеге катышуусу #КРЭКМ караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору тарабынан уюштурулуп, КР ЭКМ алдындагы «Халал тармагы өнүктүрүү борбору» мамлекеттик уюму жана Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлдү.
Катышуунун максаты – кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эл аралык соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө жана халал стандарттарына жооп берген улуттук продукцияны тышкы рынокторго илгерилетүү болду.
Жарманкеде төмөнкү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциялары сунушталды:
• «Бал Аары» ЖЧКсы
• «ASSA Group» ЖЧКсы
• «Айбарс» бренди
• «Кайнар Айскрим» ЖЧКсы
• «Адал Азык» ЖЧКсы («Тойбосс» бренди)
• «Салих ЛТД» ЖЧКсы
• «Шоро» ААКсы