«ВИВАТЕКС» компаниясы – бул Кыргызстандын меринос койлорунун экологиялык таза тоо жүнүн колдонууга негизделген көп профилдүү ири өндүрүш.
Биздин өндүрүмдүн ассортиментинде таза жүн жана жарым жүн жиби, токума буюмдары жана ичи жүн жана пахта менен толтурулган төшөктөр бар.
Компания 20 жыл аралыгында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн: Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Украинанын, Италиянын, Монголиянын жана Американын базарларына өндүрүмдөрүн жеткирип турат.
Кыргызстандын Ысык-Көл жана Нарын областарынын фермердик чарбаларынын койлорунун жүндөрүн даярдоодон баштап, европа жабдыктарында токума жиптерди жана токума буюмдарды иштетүүгө чейинки өндүрүштүн толук циклин жүзөгө ашыруу биздин ишкананын өзгөчөлүгү болуп саналат.
Жипти өндүрүү жумушчулар койдун жуулган жүнүн андан аркы өндүрүшкө даярдаган аралашма цехинен башталат
Андан кийин жүн кардотытуучу цехке келип түшөт, ал жакта жүн таралган сливерге айланат.
Андан кийин бул өнүм боёчу цехке кетет, ал жактан тапшырылган керектүү түскө боёлот, андан кийинки тарак менен таралуучу цехке түшөт да, экинчи жолку топстун тароосуна келип, андан ары рулондоочу цехке барат.
Келеп жипти өндүрүү ийрүү цехинин алдында даярдоочу этап болуп саналат.
Ийрүү өндүрүшүнө келип түшкөндөн кийин, биз айлантма-түрү цехинде даяр жипке айланган фабрикатты алабыз.
Ийрүү өндүрүшүндө 400дөн ашык, токума өндүрүшүндө 200дөн ашуун адам экмгектенет.
Биз менен бирге, ошондой эле, жүндү даярдоочулар жана жүн боюнча адистер иштешет.
Болжол менен 700дөн ашык адам иш менен камсыз болот.