27-апрелде Агенттик аркылуу ата мекендик өндүрүүчүлөр пекин соода-логистикалык "Ихэн" компаниясы менен жолугушуу уюштурулган. Жолугушууда "Ихэн" компаниясынын иш-аракети жөнүндө маалымат берилди, ошондой эле Кытайдагы тамак-аш азыктарынын кандай түрлөрүнө суроо-талап бар, тенденциялары жана келечеги боюнча аналитикасы көрсөтүлдү. Катышуучулар продукциясын Кытай рыногуна өткөрүү боюнча иш схемасы жана Кытайдын дистрибьюторлор менен кызматташтыктын көйгөйлөрү жөнүндө маалыматты алды. "Ихэн" компаниясы иш-сапардын жүрүшүндө Бишкектеги супермаркеттерин жана өндүрүш ишканаларын кытай рыногуна алардын продукциясын сатуу келечегин талкуулоо үчүн көрүшүп, иш-сапар жыйынтыгы боюнча "Ихэн" компаниясы жолугушуунун катышуучулары менен Кыргызстандын тамак-аш азыктар рыногун изилдөөсү менен бөлүштү. Эң аягында ата-мекендик компаниялар өндүрүлгөн продукциясын көрсөтүүгө жана мындан ары өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк болду. Ушул иш-чарада 37 компания катышты.
27 Апрель 2018