Убактылуу тыюу ири мүйүздүү малды, жылкыны, кой жана эчкини (айыл чарба жаныбарларын) өлкөдөн чыгарууга

КР Министрлер Кабинети Кыргызстандын аймагынан ири мүйүздүү малды, жылкыны, кой жана эчкини убактылуу чыгарууга тыюу салды.
Максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааларды турукташтыруу.
Өзгөчө учур катары мамлекеттик оператор — «Кыргыз Агрохолдинг» ААК үчүн уруксат берилген.
Тыюу 2025-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирди.