Информация об организации
«Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коому «Кайрат Банк» АООТ акциясынын 100% Казакстан Республикасынын банк рыногундагы лидерлердин бири «Казакстандын Элдик Банкы» АКсы сатып алгандан кийин түзүлгөн.
Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ, анын негизинде улуттук жана чет элдик валютада банк операцияларын жүргүзө алат. Ишмердүүлүгүнүн түрү боюнча «Халык Банк Кыргызстан» ААК универсалдык банкынын статусуна ээ жана өз ишмердүүлүгүн № 044 банк лицензиянын негизинде алып барат. Эл аралык эсеп менен кардарларды тейлөө үчүн Германиянын, АКШнын, Россиянын жана Казакстандын ири банктары менен корреспонденттик мамилелер орнотулган.