Онлайн-колдоо

назад
Эл аралык көргөзмөгө катышкым келет. Көргөзмөнү кантип тандап, даяр экенимди билсем болот?
Кыргызстандын экспорттоочулары иштешкен жеткирүүчүлөрдүн базасы барбы?
Сизди кызыктырган башка суроолор болсо, төмөнкү шилтемеге өтүңүз:
Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү бөлүмү

же байланыш номери
+996 (312) 300 232

Экспорттоо боюнча өлкөлүк жол көрсөткүч

БАЭ, Катар, Сауд Арабиясы, Жапония, Түштүк Корея, Германияга экспорттоо боюнча толук колдонмоңузга кош келиңиз. Ушул чакан ресурста биз Сизге экспорттук рыноктордо ийгиликтүү багыттоого жардам берүү үчүн зарыл идеяларды жана практикалык кеңештерди беребиз.

Жүктөө үчүн шилтемелер:

Германия - Страновой путеводитель по экспорту_кыр.pdf

Катар - Страновой путеводитель по экспорту_кыр.pdf

КСА - Страновой путеводитель по экспорту_кыр.pdf

ОАЭ - Страновой путеводитель по экспорту _кыр.pdf

Южная Корея - Страновой путеводитель по экспорту_кыр.pdf

Япония - Страновой путеводитель по экспорту_кыр.pdf

Ушул жол көрсөткүчтө биз Германиянын экспорттук рыногунун негизги аспекттерин, анын ичинде рынок тенденцияларын, ченемдик укуктук базаларды жана өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн изилдейбиз. Биз ошондой эле Германияга экспорттун атаандаштык артыкчылыктарын жана күчтүү жактарын баса белгилейбиз.
Көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө карабастан, потенциалдуу тобокелдиктерди жана кыйынчылыктарды билүү маанилүү. Биз аларга көӊүл буруп, жөнгө салуучу талаптар жана маданий өзгөчөлүктөр боюнча навигация боюнча колдонмону тартуулайбыз.

Өлкөлүк жол көрсөткүч өзүнө өлкөнү жөнүндө жалпы маалыматты, тышкы соода ишинин талдоосун камтыган экономикасынын серебин, өлкөнүн тышкы да, ички да экономикалык конъюнтурасындагы мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана өзгөртүүлөрдүн кесепеттери жөнүндө маалыматты чагылдыруу менен потенциалдуу рыноктордун болжолдуу серебин камтыйт. Мындан тышкары, жол көрсөткүч кыргыз продукциясын экспортто үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөр, продукцияны потенциалдуу сатуу өлкөсүндө импорттук операцияларды мамлекеттик жөнгө салуу, өлкөдөгү макроэкономикалык жөнгө салуу, логистика, өлкөгө баруу эрежелери, ошондой эле потенциалдуу көргөзмө платформалары жөнүндө толук маалыматты ачып берет.

USAID Борбордук Азиядагы соода боюнча программасы (2021–2026) Борбордук Азияда экономикалык өсүүгө жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтүүгө көмөк көрсөтүү үчүн аймакта соода чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган.

Ушул басылма USAID Борбордук Азиядагы соода боюнча программасынын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун ортосуда БАЭ, Катар, Сауд Арабиясы, Жапония, Түштүк Корея, Германияга сыяктуу артыкчылыктуу рыноктор боюнча өлкөлүк жол көрсөткүчтөрдү түзүүдө көмөк көрсөтүү боюнча кызматташтыкты билдирет.