Информация об организации
“КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы” ААК өз тарыхын 1988-жылдын 1-январынан тарта СССР Туракжайсоцбанктын Кирконторасы катары баштаган. Анын негизинде 1990-жылдын 6-ноябрында КР Юстиция министрлигинде “Кыргызстан” АКБ катары катталган Банк түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык региондорунда 100 бөлүмдөр, "Visa", "Золотая Корона", "MasterCard" жана "Элкарт" төлөм карталарын тейлеген 187 банкомат жана 900дөн ашык терминал, дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө чыгуу менен эл аралык акча которгон 9 система иштейт.