🌍 Кыргызстандын экспортун өнүктүрөбүз!
#КРЭКМге караштуу «Кыргыз Экспорт» өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (СӨП КР) жана БУУӨП менен биргеликте, 2025–2028-жылдарга карата «Кыргызстанда жасалган» Улуттук экспорттук программасынын максаттарына ылайык, микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн практикалык колдонмолорду, окутуучу видеолорду жана документтердин шаблондорун даярдады.
 Бул материалдар жардам берет:
• көргөзмөлөрдө жана B2B-жолугушууларда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө,
• экспорттук келишимдерди жана документтерди даярдоого,
• айыл чарба, бал, тигүү, туризм жана IT тармактарындагы товарларды жана кызматтарды чет өлкөгө илгерилетүүгө.
 Долбоордун максаты — ишкерлердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана туруктуу экономикалык өсүүгө өбөлгө түзүү. 
Долбоор Финляндия Өкмөтү каржылаган жана БУУӨП ишке ашырып жаткан «Соодага көмөк көрсөтүү» (V-фаза) аймактык демилгесинин алкагында ишке ашырылууда.
Материалдар онлайн жеткиликтүү — QR-код аркылуу.