Бардык мамлекеттик органдарда жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында QR-коддор аркылуу ой-пикир билдирүү системасы киргизилген.

Ой-пикир калтыруу үчүн:
1.QR-кодду табыңыз – ал расмий веб-сайтта, социалдык тармактарда же түздөн-түз министрликтерде жайгашкан.
2.QR-кодду скандаңыз – телефонуңуздун камерасы аркылуу Түндүк тиркемесин колдонуп.
3.Ачылган шилтеме аркылуу өтүңүз жана кыска форманы толтуруңуз.

Бул система ар бир жаранга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын объективдүү баалоого мүмкүнчүлүк берет.
Сиздин баалооңуз жана комментарийлериңиз мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууга жана тейлөөнүн деңгээлин көтөрүүгө жардам берет.