
15–17-сентябрда Франциянын Париж шаарында 🇫🇷 Texworld Apparel Sourcing аттуу ири эл аралык көргөзмө өтүүдө.
🇰🇬Кыргызстан иш-чарага улуттук павильон менен катышып, анда отандык тигүү өнөр жайынын продукциялары көрсөтүлүүдө.
16-сентябрда кыргыз павильонуна Кыргызстандын Франциядагы Элчиси Садык Шер-Нияз келип, өлкөбүздүн бул эл аралык көргөзмөгө катышуусунун маанисин белгилеп, жаңы бизнес байланыштарга жол ачты.
Көргөзмөнүн ишкердик программасынын алкагында «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун экспортту илгерилетүү бөлүмүнүн эксперти Руслан Каримов панелдик сессияда презентация жасады.
Анын баяндамасынын темасы — «Kyrgyz Republic: A New Player in Sustainable Fashion». Анда кыргызстандык текстиль тармагынын жетишкендиктери жана потенциалы, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр үчүн мүмкүнчүлүктөр тааныштырылды.
Көргөзмөгө катышкан ата мекендик компаниялар:
• Cool Group
• Textrend
• Ago instyle
• Textil trans
• Danababy
• ОсОО Raima
• Chapansar
• Mona miss
• ОсОО Aliya
• Barkhat
• Cut a Dush
• Toolor
• Elvira Brand
• Sannara