Информация об организации
Америкалык өкмөттүк эмес уюм ACDI/VOCA жана швейцариялык Caritas уюму менен бирге өткөрүшкөн «FoodforProgress» монетизациялоо программасынын алкагында эл аралык долбоор катары өз ишин 1997-жылы баштоо менен «Бай-Түшүм» банкы финансы рыногунда 2000-жылдан баштап иштеп келүүдө. «Бай-Түшүм» депизиттерди тартуу боюнча лицензиясы болгон финансылык фонддон жана микрофинансылык компаниядан баштап, толук банктык лицензияга ээ болгон универсалдуу Банкка чейинки өнүгүүнүн динамикалуу жолун ишенимдүү басып өттү. Бул убакыттын аралыгында ал жалпы активдеринин өлчөмү 7.63 млрд. сомду түзгөн жана кардарларынын 120 миңден ашуун базасы болгон Кыргыз Республикасындагы эң ири финансы институттарынын бири боло алды.