Кыргыз делегациясы Абу-Даби Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча органы (ADAFSA) менен жолугушуу өткөрдү

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын БАЭ рыногуна экспорттоо маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл импорттук уруксаттарга, сертификацияга, сапат жана коопсуздук стандарттарына, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык, логистикалык жана административдик аспектилери талкууланды.
ADAFSA өкүлдөрү кыргыз өндүрүүчүлөрүнө жогорку кызыгуусун билдиришип, сертификация, азык-түлүк коопсуздугу жана ветеринардык көзөмөл тармактарында кызматташууга даяр экенин белгилешти.
Жолугушууга катышышкандар:
Кыргыз тараптан - #КРЭКМ караштуу “Кыргыз экспорт” борборунун директору У.К. Такиров, Айыл чарба министрлигинин өкүлү, БАЭдеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинин өкүлү, ошондой эле көргөзмөгө катышып жаткан кыргыз компанияларынын өкүлдөрү;
ADAFSA тарабынан:
- чек ара көзөмөлү департаментинин директору;
- үлгүлөрдү башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси жана
- ⁠ экспорттук жана транзиттик жүктөрдү көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси.