Информация об организации
FINCA компаниясы Кыргызстанда 1995-жылы негизделген. Бул финансы мекемеси Кыргызстан боюнча 70тен ашуун тейлөө пункттары аркылуу 110 миңден ашуун кардарларына кызмат көрсөтүп келет.
FINCA Банк – бул Smart Campain сертификациясынан өткөн, кардарларды коргоо принциптерине жана иштөөнүн так ыкмаларына таянган, ошондой эле принциптерге шайкештикти камсыз кылуу үчүн катуу саясат жүргүзгөн финансы мекемеси.
FINCA Банк аз кирешеге ээ адамдардын бизнесин өнүктүрүүгө жана бакубаттуулугун жогорулатууга керектүү болгон продукттарга жана кызматтарга жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштейт.