Информация об организации
2011-жылдан баштап Кыргыз Республикасында гарантия берүүнүн жаңы финансылык системасы – гарантиялык фонддору калыптанып баштады.
“Гарантиялык фонд” ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылы 23-июндагы №288-р Буйругу менен түзүлгөн, анын капиталы 72 млн. сомду түзгөн. Каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Азия Өнүктүрүү банкынын финансылык колдоосу менен (“Инвестициялык климатты жакшыртуу-2 чакан программа” программасы) капиталга кошумча 3 млн. АКШ доллары багытталды. Натыйжада, 2016-жылдын аягында «Гарантиялык фонд» ААКтын капиталы 282 млн. сомду түзүп калды. Ошентип фонддун практикалык ишмердүүлүгү башталган.