Информация об организации
«Кыргызкоммерцбанк» ААКнын (мындан ары – Банк) көп жылдык ийгиликтүү тарыхы бар жана өлкөбүздүн финансы рыногунда 27 жылдан ашык мезгилден бери майнаптуу иштеп келе жатат. Тынымсыз өркүндөп жана заманбап эл аралык тенденциялардан калышпай, Банк Кыргыз Республикасындагы туруктуу жана ишенимдүү финансылык институт болуп саналат.
«Кыргызкоммерцбанк» ААКы универсалдуу банк болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аймагында банк кызматынын көп түрүн көрсөтөт. Ишинин негизги багыттары: депозиттерди жайгаштыруу, насыя берүү, алыш-бериш эсептерин жүргүзүү жана юридикалык, жеке жактарды кассалык тейлөө, баалуу кагаздар менен, чет өлкөлүк валютадагы операциялар, финансылык каражаттарды колдонуу, эмиссия жана насыя, төлөм карталарын тейлөө.