Информация об организации
Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылдын 24-ноябрында кол коюлган «Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө» келишимге ылайык түзүлгөн жана ошонун негизинде иш-аракет жүргүзүп келет.
Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирикмесине кошулуу процессиндеги эң маанилүү инструмент болуп эсептелет.
Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фондунун максаты Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка, кыргыз экономикасынын жаңылануусуна жана өнүгүшүнө, ошондой эле тараптардын Евразиялык экономикалык интеграцияга катышуусу менен шартталган мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга көмөк кылуу болуп эсептелет.