Кытайлык ишкерлердин ата мекендик продукциясына кызыгы бар

27-апрелде Агенттик  аркылуу  ата мекендик өндүрүүчүлөр пекин соода-логистикалык "Ихэн" компаниясы менен  жолугушуу уюштурулган. Жолугушууда  "Ихэн" компаниясынын иш-аракети жөнүндө маалымат берилди, ошондой эле Кытайдагы тамак-аш азыктарынын кандай түрлөрүнө суроо-талап бар, тенденциялары жана келечеги боюнча аналитикасы көрсөтүлдү. Катышуучулар продукциясын  Кытай рыногуна өткөрүү боюнча иш схемасы жана Кытайдын дистрибьюторлор менен кызматташтыктын көйгөйлөрү  жөнүндө  маалыматты алды. "Ихэн" компаниясы иш-сапардын жүрүшүндө  Бишкектеги супермаркеттерин жана өндүрүш ишканаларын кытай рыногуна алардын продукциясын сатуу келечегин талкуулоо үчүн көрүшүп, иш-сапар жыйынтыгы боюнча "Ихэн" компаниясы  жолугушуунун катышуучулары менен Кыргызстандын тамак-аш азыктар рыногун изилдөөсү менен бөлүштү. Эң аягында ата-мекендик компаниялар өндүрүлгөн продукциясын көрсөтүүгө жана  мындан ары өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк болду. Ушул иш-чарада 37 компания катышты.