Кыргызстандык өндүрүүчүлөр ADIFE 2025 эл аралык көргөзмөсүндө!

2025-жылдын 21–23-октябры күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарында Abu Dhabi International Food Exhibition (ADIFE 2025) эл аралык көргөзмөсү өтүүдө. Бул иш-чара Global Food Week жумалыгынын алкагындагы маанилүү окуялардын бири болуп саналат.
Кыргызстандын катышуусу #КРЭКМ караштуу «Кыргыз экспорт» борборунун демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.
Иш-чара БАЭнин Вице-премьер-министри, Президенттик иштер боюнча министри шейх Мансур бин Заид Аль Нахайяндын колдоосу астында өтүүдө.

Быйылкы жылы Кыргызстанды 12 ата мекендик компания өкүлчүлүк кылууда. Алар көргөзмөдө кондитердик азыктарды, ичүүчү жана минералдык суусундуктарды, кулпунайды, кургатылган өрүктү, жаңгакты, мистени, органикалык майларды, ошондой эле буурчак жана фасоль сыяктуу айыл чарба продукцияларын сунуштап жатышат.
Кыргызстандын улуттук павильону жогорку деңгээлде даярдалып, «Made in Kyrgyzstan» брендин эл аралык рынокто илгерилетүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.