2023-жылдын 25-декабрында Бир тараптан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө: макулдашуу: Артыкчылыктары жана келечеги

2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мучө мамлекеттер менен экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуу кол коюлган. Бул маанилүү окуя өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыктын жаңы перспективаларын ачат.
Макулдашуунун негизги пункттары:
Тарифтик артыкчылыктар:
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы боюнча 88% товардык позицияга, ал эми Иран 87%га жеңилдетилген мүмкүнчүлүктөрдү алышат. Бул бажы төлөмдөрүн төмөндөтүп, өлкөлөр ортосундагы сооданы жеңилдетет дегенди билдирет.
Эл аралык стандарттарга окшош негизги талаптар боюнча милдеттенмелер соодада ачык-айкындуулукту жана калыстыкты камсыз кылат.
Импорт жана экспорт:
Ирандан Кыргызстанга импортко чай, жашылча, мөмө-жемиш, курма, жаңгак, айнек жана башка товарлар кирет.
Кыргызстандан Иранга экспортко төө буурчак, пахта буласы, жаңгак жана башка товарлар кирет.
Төмөндөтүлгөн бажы алымдары:
Ирандын Кыргызстандын товарларына бажы алымдары 17%дан 3%га чейин төмөндөйт. Мындай олуттуу кыскартуу экспортту өнүктүрүүгө салым кошуп, Кыргызстанга экономикалык пайда алып келе турган олуттуу кыскартуу. Эркин соода келишими бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшөт жана ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы достук мамилелерди бекемдейт. Биз ишкерлерди жана экспортерлорду бул артыкчылыктарды өз ара пайдалуу пайдаланууга чакырабыз.