Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Малайзияга расмий сапары болуп өттү
   «Кыргыз Экспорт» борбору менен Малайзиянын Тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясы (MATRADE) ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул документ эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, экспорт тармагындагы тажрыйба алмашууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
    Жолугушуунун алкагында «Кыргыз Экспорт» борборунун директору У.К. Такиров «Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалы» темасында презентация жасап, улуттук экспорттун негизги багыттары, продукциянын атаандаштык артыкчылыктары жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди.