
2025-жылдын 26-июнунда Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчү шаарында эл аралык «China-Eurasia Expo» көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул иш-чара алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Кытай Эл Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен «Кыргыз Экспорт» борбору тарабынан Кыргызстандын 14 ата мекендик өндүрүүчүсүнүн катышуусу уюштурулду.
Кыргызстан көргөзмөдө төмөнкү багыттар боюнча продукция менен көрсөтүлүүдө: табигый бал, алкоголдук продукция, кургак жемиштер, консерваланган жашылча жана жемиштер, джемдер, ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдар жана улуттук кийимдердин элементтери.
Көргөзмө 2025-жылдын 26-июнунан 30-июнуна чейин уланат. Иш-чарага Азия жана Европанын бизнес-коомчулугу, соода уюмдары жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышат деп күтүлүүдө. Бул көргөзмө кыргыз компанияларынын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана эл аралык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болууда.