
«China-Eurasia Expo» эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында, «Кыргыз Экспорт» борборунун жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен, ата мекендик экспорттоочулар Үрүмчү бонддук көргөзмө-соода борборунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар чек ара аралык сооданы өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде жүктөрдү жеткирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, продукцияны Кытай рыногуна чыгаруу жана бонддук борбордун инфраструктурасын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Үрүмчү бонддук борбору төмөнкү артыкчылыктарды сунуштайт:
товарларды бажы төлөмсүз сактоо жана көргөзмөгө коюу мүмкүнчүлүгү (сатылганга чейин);
логистикалык кызматтар, бажы тартибинен өткөрүү жана жеткирүү;
продукцияны туруктуу көргөзүүгө коюу үчүн атайын аянтчалар;
товарларды Кытайдагы онлайн платформалар аркылуу жылдырууга көмөк көрсөтүү.
Жыйынтыгында кызматташтыкты улантуу жана өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү формаларын иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.