
2025-жылдын 7-июлунда Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында «ИННОПРОМ-2025» эл аралык өнөр жай көргөзмөсү башталды.
Кыргызстандын катышуусун Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору уюштурду.
Улуттук стендде өз продукциясын төмөнкү кыргызстандык компаниялар сунуштоодо:
• ЖЧК «Мед Импекс» – медициналык буюмдар (шприцтер);
• ЖЧК «БИГСЕР» – спорттук кийим-кече, бут кийим жана аксессуарлар (BIGSER бренди);
• ЖЧК «Автомаш-Радиатор» – автоунаа, айыл чарба жана атайын техникалар үчүн радиаторлор жана жылуулук алмаштыргычтар;
• ЖЧК «Жаннат Компани» жана ЖЧК «Эко Стоун Групп» – травертин (Сары таш) жана табигый таштан жасалган буюмдар;
• ЖЧК «БИ Групп Лтд» – тиричилик химиясы;
• ААК «Майлуу-Суу лампа заводу» – жарыктандыруу жабдуулары;
• ЖЧК «МегаВентс» – желдеткич жабдуулар;
• ЖЧК «Маткасымов» – үй тиричилик буюмдары;
• ЖЧК «Старт Про» – брондолгон эшиктер жана төлөм терминалдары;
• ЖЧК «Кант ТШП» – автоклав газоблогу, түтүк шифер, фасаддык панелдер жана сайдинг;
• ЖЧК «ИЗО-ПЕНОПЛАСТ ЛТД» – минералдык жүн;
• ЖЧК «Асыл Таш» – кафель жана керамогранит;
• ЖЧК «Интергласс» – айнек жана күмүш капталган күзгүлөр;
• ЖЧК «Желмаян» – электромотоциклдер;
• ТНК «Дастан» – медициналык центрифугалар.
Көргөзмөнүн алкагында B2B жолугушуулар, продукцияларды презентациялоо, тармактык форумдар жана сессияларга катышуу пландалууда.