Кытайлык сатып алуучулар Кыргызстандын продукциясына кызыгууда
2025-жылдын 21-22-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору жана Кытай Эл Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгү менен биргеликте кыргыз экспорттоочуларынын алдыңкы ишканаларына тааныштыруу жолугушуулары жана экскурсиялар уюштурулду.
 Программанын алкагында Чунцин шаарындагы Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн делегациясы төмөнкү компаниялардын өндүрүш аянтчаларына барды:
 «Дары-Тяньшаня» ЖЧК
 «Продимпекс» ЖЧК (бренди — «Сонун»)
 «Кыргыз Коньягы» ЖЧК
 «Абдыш-Ата» ЖЧК
 «Амангринфуд» ЖЧК
 Мындай иш-чаралар түз байланыштарды орнотууга, Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө, ошондой эле кыргыз өндүрүшчүлөр менен Кытайдагы сатып алуучулардын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган.
 Мындай жолугушуулар Кыргызстандын продукциясын эл аралык рыноктордо таанытууга,  сатуу каналдарын кеңейтүүгө жана  жаңы экспорттук келишимдерди түзүүгө өбөлгө болот.