Кыргыз Республикасынын Улуттук павильону деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр үчүн БУУнун Үчүнчү Конференциясында сунушталды
 2025-жылдын 5–8-август күндөрү деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн БУУнун үчүнчү конференциясына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан Улуттук павильон орнотулду..
 Иш-чаранын максаты — Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү, өлкөнүн технологиялык жана маданий жетишкендиктерин көрсөтүү, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты бекемдөө.
 Улуттук павильонду уюштурууга #КРЭКМ ,  «Кыргыз Экспорт» Борбору , Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жана Жогорку технологиялар паркы (ПВТ КР) биргелешип катышты.
 Павильондо төмөнкү багыттар боюнча продукциялар жана иштеп чыгуулары көрсөтүлдү:
 табигый кыргыз балы;
 жергиликтүү өндүрүштөгү шоколад;
 улуттук оймо-чиймелер менен жасалган кийиз буюмдар;
 жергиликтүү ноутбуктар жана  VR-очки сыяктуу санариптик технологиялардын үлгүлөрү.
 Улуттук павильон эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, өнөктөш өлкөлөрдүн жана бизнес чөйрөсүнүн чоң кызыгуусун жаратты. Ал Кыргыз Республикасынын глобалдык деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын көрсөтүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп калды.