Афган делегациясы менен бизнес-жолугушуу: кыргыз экспортунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
14-августта «Кыргыз Экспорт» борбору Афганстандын Өнөр жай жана соода министри мырза Нуреддин Азизи баштаган афган делегациясы жана кыргыз ишкерлери үчүн бизнес-ланч  уюштурду.
Иш-чарага 12 ата мекендик компаниянын  өкүлдөрү катышып, өз продукцияларын  тааныштырышып жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пландарын бөлүшүштү.
Афган тарап төмөнкүлөргө кызыкдар экенин билдирди:
 тамак-аш продукциясы
 дары чөптөр
 тоо-кен ишмердүүлүгү үчүн жарылуучу заттар
 өнөр жай продукциясы, анын ичинде «желмаян»
 жүк ташуучу унаалар
 кыргыз айнек идиш өндүрүшү
 Иш-чарада кыргыз продукциясын Афганстан рыногуна жеткирүүнү кеңейтүүнү кошкондо, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечектери жана кызматташтыктын конкреттүү багыттары талкууланды.
 Жыйынтыгында тараптар Афганстандын Кабул шаарына Соода миссиясын уюштурууга макул болушту.