Экинчи Кыргыз-Түрк ишчү тобунун жыйыны: кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
     2025-жылдын 27-августунда Анкара шаарында өткөн кыргыз-түрк соода боюнча жумушчу тобунун 2-жыйынына «Кыргыз Экспорт» борборунун директору У.К. Такиров катышты.
Жыйын Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары С.М. Ахматов менен Түркия Республикасынын соода министринин орун басары Мустафа Тузджу коштоо алдында өткөрүлдү.
 Борбордун катышуусу менен өлкөнүн өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктары сунушталып, кыргыз продукциясын Түркия рыногуна экспорттоону кеңейтүү маселелери талкууланды.
 Жыйын өз ара түшүнүшүү жана бир туугандык маанайында өтүп, тараптардын соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиги тастыкталды.
 
     Жыйындын негизги темалары:
• Соода, бажы жана инвестициянын өнүгүүсү.
•  2024-жылдагы эки тараптуу сооданын жыйынтыктары жана келечек перспективалары.
• Инвестициялар жана контракттык мамилелер.
• Потенциалдуу товарлардын тизмеси жана тарифсиз тоскоолдуктар.
• Эркин экономикалык зоналардагы кызматташтык.
• Жашыл экономика жана көмүртек рыногу.
• МПКнын 12-жыйынына даярдык.