
Москва, 2025-жылдын 1-сентябры
Бүгүн #КРЭКМ караштуу «Кыргыз Экспорт» Борборунун директору Урмат Такиров Россиядагы эң ири тамак-аш жана тамак-ашка жатпаган FMCG товарларды импорттоочу компаниялардын бири «Гранд Трейд» акционердик коомунун жетекчилиги менен жолугушту.
Бул акционердик коом товар жүгүртүүсү 2024-жылы 2 млрд АКШ долларынан ашкан.
Жолугушууда тараптар Россия рыногуна продукция жеткирүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, 2025-жылдын октябрь айында Кыргызстандагы экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөр менен жолугушууларды камтыган роад-шоуну өткөрүү боюнча макулдашышты.
Маалымат үчүн:
АК «Гранд-Трейд» — дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн импорттолгон азык-түлүк жана азык-түлүккө жатпаган товарларды жеткирүү боюнча лидер компаниялардын бири.