
Москва, 3-сентябрь
#КРЭКМ караштуу “Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Канатбекович Такиров жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси Омуралиев Эрмек Социалович Россиянын Текстиль жана жеңил өнөр жай ишкерлери союзунун президенти Андрей Валентинович Разбродин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө “Кыргыз Экспорт” борбору менен Текстиль жана жеңил өнөр жай ишкерлери союзу ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду. Меморандумга кол коюу өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Маалымат үчүн:
“Союзлегпром” — Россиянын текстиль жана жеңил өнөр жай өндүрүүчүлөрүн бириктирген эң ири тармактык бирикме. Союз бул тармактын өнүгүшүнө, ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоого жана ата мекендик продукцияны илгерилетүүгө көмөктөшөт.