КЫРГЫЗСТАНДЫН УЛУТТУК ПАВИЛЬОНУН ТЕРМЕЗ ШААРЫНДА АЧУУГА ДАЯРДЫК
21-сентябрда Термез шаарында Termez International Trade Centre жана Сурхандарыя облусунун хокимиятынын Инвестициялар жана өнөр жай департаментинин жетекчиликтери менен жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук павильонун жасалгалоо жана техникалык камсыздоо иштери, павильондун келечектеги иш-пландары, Оганстан базарына чыгуу стратегиясы жана товарларды экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мындан тышкары, 22-сентябрда Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу күтүлүүдө.