ЕАЭБ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЛИДЕРЛЕРИ «ИННОПРОМ. БЕЛАРУСЬ» КӨРГӨЗМӨСҮНДӨГҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ПАВИЛЬОНУНА КЕЛИШТИ.
Минск, 2025-жылдын 29-сентябрь – Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө «ИННОПРОМ. Беларусь» биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору уюштурган улуттук павильонго ЕАЭБ өлкөлөрүнүн (Беларусь, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан) премьер-министрлери, ошондой эле Азербайжан, Иран жана Кубанын өкүлдөрү келишти.
Делегацияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысы Адылбек Алешович Касымалиев коштоп жүрдү.
Коноктор оор жана жеңил өнөр жай экспонаттарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн белгилеп, бул тармактарда жана жашыл энергетика багытында кызматташуунун кеңири келечегин баса белгилешти.
«Кыргыз Экспорт» борборунун директору иш-чаранын маанисин төмөнкүдөй баалады:
«Өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусу кыргыз продукциясынын жогорку потенциалын тастыктайт жана экспортту кеңейтүү, эл аралык байланыштарды чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», – деди ал.