
«ИННОПРОМ. Беларусь» эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров Беларусь Республикасынын «Улуттук маркетинг жана баа конъюнктурасы борборунун» директору Николай Борисевич менен жолугушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Ал маалымат алмашуу, маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү, экспортчуларды колдоо жана биргелешкен иш-чараларды уюштурууну камтыйт.
Документ кызматташтыкты чыңдап, кыргыз өндүрүшүн тышкы рынокторго илгерилетүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Маалымат үчүн: Улуттук маркетинг жана баа конъюнктурасы борбору — Беларусь Республикасынын ТИМине караштуу мамлекеттик мекеме. Ал экспортчуларга колдоо көрсөтүп, аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана компаниялардын эл аралык көргөзмөлөргө катышуусун уюштурат.