
КР Министрлер Кабинети Кыргызстандын аймагынан ири мүйүздүү малды, жылкыны, кой жана эчкини убактылуу чыгарууга тыюу салды.
Максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааларды турукташтыруу.
Өзгөчө учур катары мамлекеттик оператор — «Кыргыз Агрохолдинг» ААК үчүн уруксат берилген.
Тыюу 2025-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирди.