ANUGA 2025 Германияда: Кыргызстандын өнүмдөрү европа базарына чыгууда

Германия, Кёльн
Бүгүн Кёльн шаарында дүйнөдөгү эң ири азык-түлүк жарманкелеринин бири — ANUGA 2025 көргөзмөсү башталды. Иш-чарага дүйнөнүн алдыңкы компаниялары жана тамак-аш өнөр жайынын адистери катышууда.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борборутарабынан уюштурулган улуттук павильондун алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр өз продукцияларын сунушташты.
Кыргыз Республикасынын ANUGA 2025 көргөзмөсүнө катышуусунун максаттары:
улуттук продукцияны дүйнөлүк рынокко чыгаруу жана жайылтуу;
жаңы өнөктөштөр жана дистрибьюторлор менен түз байланыштарды орнотуу;
Кыргызстандын экологиялык таза жана сапаттуу азык-түлүк өндүрүүчү өлкө катары эл аралык абройун чыңдоо.
Кыргыз компанияларынын катышуусун уюштуруу «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасын ишке ашыруунун кезектеги кадамы болуп, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана экспорт географиясын кеңейтүүгө багытталган.