Кыргыз компаниясы «Сан Планет Органик» Германиянын Nature Food Import- und Warenhandelsgesellschaft mbH (KLUTH Gruppe) компаниясы менен грек жаңгагын жеткирүү боюнча келишим түздү.
Келишим Anuga 2025 эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүнүн (Кёльн, Германия) алкагында түзүлдү. Кыргыз өндүрүүчүлөр өз продукцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору уюштурган бирдиктүү улуттук стендде көрсөтүштү.
Тараптар Германияга грек жаңгагынын сыноо партиясын жөнөтүү боюнча макулдашууга жетишишти.
Бул келишим узак мөөнөттүү кызматташтыкты баштап, Кыргызстандык органикалык продукциянын Германия рыногуна чыгышына өбөлгө болот.