Экспорт кербени. Региондорду өнүктүрүү маалымат компаниясы

Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги Финляндия Өкмөтүнүн каржылоосундагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоору менен биргеликте 2020-жылдын 18-февраль айынан тартып 3-мартка чейин «Экспорт кербени. Региондорду өнүктүрүү» маалымат компаниясын Кыргыз Республикасынын баардык облустарында өткөрөт. «Экспорт кербенинин» негизги максаты, Кыргыз Республикасындагы бизнес продукцияларды өндүрүү жана экспортоо боюнча жаңы багыттары тууралуу маалымат берүү болуп саналат. 

Аталган иш чаранын алкагында КР Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги, КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, КР Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, КР Экономика министрлигинин алдындагы стандартизациялоо жана метрология борбору, КР Соода өнөр жай палатасы, Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду, АК «Кепилдик фонду» жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү төмөндөгү темалар боюнча маалымат беришет:

  • экспортоочулар үчүн санариптик чечимдер;
  • экспортту каржылоодогу жаңы инструменттер;
  • инвестицияларды тартуу үчүн бизнес пландарды жана долбоорлорду даярдоо;
  • экспорттук потенциалды кантип жогорулатуу керек;
  • Европа биримдигине экспорттоочу компанияларды каттоо (REX системасы);
  • айыл чарба азыктарын экспортоодогу жаңы мүмкүнчүлүктөр жана талаптар.

«Экспорт кербенинде» Еварзиялык экономикалык биримдиги, Европа биримдиги, Кытай Эл Республикасы, каржылоо булактары, фитосанитардык жана ветеринардык документтерин жакшыртуу, салыктар жана льготалар жана Европа Биримдигинин ВСП+ тун REX системасы боюнча суроолорго эксперттерден жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле ишкерлерге инвестицияны тартуучу инструменттер боюнча консультация жана экспортоочулардын суроо талабы боюнча Германиядан экспертизалоо үчүн жана өндүрүш процессин жакшыртуу үчүн атайын эксперттерди чакыруу үчүн кимге кайрылыш керек, деген суроолорго жооп алышат. 

«Экспорт кербенинин» жыйынтыгында өндүрүүчүлөр, потенциалдуу жана иштеп жаткан экспортоочулар экспорт маселелери боюнча өз деңгээлин жогорулатып, кызыктырган суроолоруна жооп алышат. Ошондой эле каржы булактары, рынокторду изилдөө, өндүрүштү өнүктүрүү, экспортту илгерилетүү жана башка ишкерлерге тиешелүү суроолорго жана маселелерге кайсыл мамлекеттик органдар жооптуу экендиги боюнча маалымат алышат.

Баардык потенциалдуу жана иштеп жаткан ата мекендик ишкерлер катышуу же кошумча суроолор боюнча ИИКА экспортту өнүктүрүү жана илегрилетүү бөлүмүнө
 0312 620363 номери аркылуу маалымат алса болот. 

«Экспорт кербенинин» графиги:

  • Баткен – 18-февраль Алтын Бешик мейманканасы;
  • Ош- 19-февраль Grand Chavo мейманканасы;
  • Жалал-Абад- 20-февраль Багера мейманканасы;
  • Талас- 24-февраль Кербен мейманканасы;
  • Нарын- 26-февраль Хан-Тенгри мейманканасы;
  • Каракол- 28-февраль Тагай-Тай мейманканасы;
  • Бишкек- 3-март Экономика министрлигинин Чоң залында.

Катталуу үчүн катышуучунун аты-жөнүн, ишкананын аталышын, байланыш телефонун жана катышууга ыңгайлуу облусун көрсөтүп meerim.erkimbai@gmail.com электрондук дарегине жиберсениздер болот.