Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү буюмдары

Бул “Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү буюмдары” брошюрасы Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өнөр жайындагы чакан жана орто ишканалардын (ЧОИ) экспорттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан маалыматтык басылма болуп саналат. Басылмада Кыргыз Республикасындагы текстиль жана тигүү ишканалары тууралуу маалымат, анын ичинде аталыштары, соода белгилери, продукциянын ассортименти, сүрөттөрү, экспорттун географиясы жана байланыш маалыматтары камтылган. Маалыматтык басылма импорттоочуларды, дистрибьюторлорду жана потенциалдуу сатып алуучуларды Кыргыз Республикасынын продукциялары жөнүндө маалымат берүүгө, сатып алуучуларга өндүрүштүн географиясын жакшыраак багыттоого, потенциалдуу өнөктөштүктүн кеңири картинасын калыптандырууга, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган. Брошюра мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү институттарынын, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана башка кызыкдар уюмдардын ортосунда жайылтуу үчүн даярдалган.


“Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү буюмдары” брошюра Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Глобалдык текстиль жана кийим-кече программасынын (GTEX) алкагында даярдалган.


Global Impact - Tekstil A5_RU (27.09.23)_compressed.pdf

Global Impact - Tekstil A5_EN (27.09.23)_compressed.pdf