Катарда Кыргызстандын улуттук павильону ачылды

2023-жылдын 26-ноябрында Катарда Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонунун ачылышы болду.
Катардын Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаеванын катышуусунда Кыргыз Республикасынын улуттук көргөзмө павильонунун салтанаттуу ачылышы болду.
Павильондун ачылыш аземине Expo 2023 комиссары генерал Бадер Омар Исмаил Аль Дафа жана башкы катчы Мохаммед Али Аль Хури катышты.
“Жашыл чөл, жакшы чөйрө” иш-чарасынын алкагында кыргыз элинин улуттук маданияты, жашоо-турмушу көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштар менен экологиялык таза азык-түлүктөрдөн даам татылды.
Көргөзмөгө бал азыктарын, кургатылган мөмө-жемиштерди, ширелерди, шоколадды, ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдарын чыгарган 10дон ашык ишканалар өз продукцияларын коюшту.