2-4 МАЙ, 2024-ЖЫЛЫ ПУНА ШААРЫНДА МАХАРАШТРА ШТАТЫНДА ӨТӨ ТУРГАН "INTRALOGISTICS & WAREHOUSING EXPO" КОМПЛЕКСТΥΥ КӨРГӨЗМӨСҮ

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы "Кыргыз Экспорт" экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү борбору Пуна шаарында Махараштра штатында, Индия, 2-4-май, 2024-жылы "Autocluster Exhibition Centre" көргөзмө борборунда сиздерди "IntraLogistics & Warehousing Expo" коплекстγγ көргөзмөсү жөнүндө маалымдайт.

Бул көргөзмө ар түрдүү тармактардагы, анын ичинде логистика, кампа жана жеткирүү тармагындагы компанияларга өз продукцияларын, технологияларын жана чечимдерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле ишкердик байланыштарды түзүү жана соода мамилелерин өнүктүрүү үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат.

Көргөзмөгө катышуу үчүн сиз каттоодон өтүшүңүз керек: https://www.iwexpo.in/visitor-registrarion.

Суроолор болгон учурда кайрылууга: +996 508 007 007  

Урматтоо менен,

"Кыргыз Экспорт" Борбору!